Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыматына таянсак, 13-15-март күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 13-мартта күндүз жана 14-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
13-мартта күндүз жана 14-15-март күндөрү абанын температурасы төмөндөп:
Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.