IMG-LOGO
 
Главная Спорт Антонина Шевченко UFCден кетти

Антонина Шевченко UFCден кетти

13:56, 28 марта 2025 Спорт 80 0 3 0
IMG

Кыргызстандын аты менен чыгып жүргөн спортчу Антонина Шевченко UFC менен келишимин токтотконун билдирди. Бул тууралуу ал инстаграмм баракчасына жазды.

Ал ”2022-жылдагы UFCдеги күрөш мен үчүн акыркы күрөш болуп каларын эч ойлогон эмесмин. Спорттогу 30 жыл, таэквандо боюнча үчүнчү дандагы кара кур, муай-тай, кикбоксинг жана ММА менен дүйнө чемпионатынан 11 титул. Күйөрмандык жана профессионалдык 400дөн ашуун күрөш, Азия жана ТАР (ЮАР) чемпиону, UFCнин мушкери. Мына ошентип мен спорттогу карьерамды жыйынтыктап жатам”, – деген билдирүү калтырган.

Ошондой эле ал аны 30 жыл колдогон машыктыруучусу Павел Федотовго, апасына, мушкер эжеси Валентина Шевченкого жана күйөрмандарына терең ыраазычылык билдирген.

Спортчу мындан ары пилот катары карьерасын улантат.

Ал ММА күрөшүнө 14 жолу катышып, 11 жолу жеңишке жеткен.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий