Кыргызстанда бүгүн дүйнөлүк акча жумалыгы башталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин директору Кадырбек Букуев билдирди.
Анын айтымында, иш-чара балдардын жана жаштардын каржылык сабатсыздыгын жоюуга багытталган.
“Кыргызстан бардык жаш муунга жогорку сапатта финансылык билим алууга мүмкүнчүлүк берүү, акчаны туура жана сарамжалдуу колдоно билүү маданиятына жаштарды үйрөтүү максатында дүйнөлүк акча жумалыгын 2015-жылдан тартып өткөрүп келет”,-деди ал.
Букуев белгилегендей, финансылык кызматтар боюнча консультация берүү жана банктык, микрофинансылык жана башка финансылык кызматтар жөнүндө маалымат берүү максатында бүгүн Улуттук тарых музейинде саат 10:00дөн 14:00гө чейин дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында финансы-кредит уюмдары жана мамлекеттик органдар тарабынан уюштурулуп жаткан финансылык жарманке өтөт. Финансылык жарманкеге бардык каалоочулар катышса болот. Кирүү акысыз.
“Мындан сырткары, өлкө аймагында акча жумалыгынын алкагында Улуттук банк, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар мектептерде ачык сабактарды, жогорку окуу жайларда лекцияларды уюштурушат”,-деди ал.
Букуев ошондой эле дүйнөлүк акча жумалыгы бизден сырткары дүйнөнүн 175тен ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү ири кампания экенин белгиледи.