Кыргызстандын улуттук банкы санарип сом боюнча түшүндүрмө берди.
1.Санарип сом деген эмне?
Санарип сом – бул Кыргыз Республикасынын накталай жана накталай эмес эсептешүү формалары менен катар колдонулуучу санарип формадагы улуттук валюта. Алардын ар бири бири-бирине эквиваленттүү валюта болуп эсептелет. Акча ээлери сомду бир формадан экинчи формага которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
2. Санарип сомдун укуктук статусу
2025-жылдын 20-мартында Жогорку Кеңеш мыйзамга санарип сомдун укуктук статусу боюнча бир катар өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда жактырган. Алар 2027-жылдын январында күчүнө кирет. Мыйзам долбооруна ылайык, санарип сом Кыргызстанда мыйзамдуу төлөм каражаты катары колдонулат.
3. Санарип сом прототибин сыноо качан башталат?
Санарип сомду тестирлөө иштери апрель айынын ортосунда бир нече этап жана төмөнкү кейстер боюнча жүргүзүлө баштайт: эмиссия, бир санарип капчыктан экинчисине которуу, мамлекеттик төлөмдөр жана оффлайн төлөмдөр.
4. Оффлайн төлөмдөр деген эмне?
Санарип сом оффлайн-төлөмдөрү – бул интернет байланышы жок учурда же байланыш начар болгондо/үзгүлтүккө учураганда, коммуникация байланыштары өчүрүлгөн учурда да бир санарип капчыкты колдонуучудан экинчи колдонуучуга төлөмдөрдү жүргүзүүлөр жана которуулар.
5. Смарт-контракт деген эмне?
Санарип сом платформасындагы акылдуу келишимдер – бул санарип сом платформасында катышуучулар ортосунда түзүлүүчү санарип келишим.