IMG-LOGO
 
Главная Здоровье Бишкекте 3 жаранга бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды

Бишкекте 3 жаранга бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды

16:55, 11 апреля 2025 Здоровье 59 0 2 1
IMG

Бишкекте өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган Кыргызстандын 3 жаранына бөйрөк алмаштыруу операциялары ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Операциялар 7-9-апрель күндөрү Реджеп Тайип Эрдоган атындагы кыргыз-түрк достугу ооруканасында өттү.

Операцияларды Түркиядан келген жогорку квалификациялуу трансплантологдордун тобу жүргүздү.

Бул иш-чара Кыргызстан менен Түркиянын Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда 2024-жылдын 5-ноябрында түзүлгөн органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу боюнча протоколдун алкагында ишке ашты.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев бейтаптардын абалы менен жеке өзү таанышып, медициналык топ менен жолугушту.

Ал түрк кесиптештерине трансплантологияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу медициналык кызматташуунун жогорку деңгээлин баса белгиледи.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий