IMG-LOGO
 
Главная Общество Кара-Сууда асфальт-бетон жана таш майдалоочу ири завод ачылды

Кара-Сууда асфальт-бетон жана таш майдалоочу ири завод ачылды

10:37, 13 апреля 2025 Общество 69 0 2 0
IMG

Кара-Сууда асфальт-бетон жана таш майдалоочу ири завод ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ачылышына министр Абсаттар Сыргабаев катышты.

“Вега Строй” ЖЧКсы тарабынан курулган бул өндүрүш комплекси үч негизги багытта иш алып барат. Завод күнүнө 2 миң тонна асфальт өндүрүү кубаттуулугуна ээ.

Мындан тышкары, таш майдалоочу завод саатына 550 тонна курулуш ташын майдалоого жөндөмдүү. Ал эми бордюр жана лоток чыгаруучу линиясы суткасына 4 миң даанага чейин бетон чыгара алат.

Белгилей кетсек, заводдун ишке кириши менен жалпы жонунан 60 туруктуу жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү калк кошумча иш менен камсыз болот.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий