IMG-LOGO
 
Главная Общество Кыргызстандын бардык элчиликтеринде унаалар жаңыланды

Кыргызстандын бардык элчиликтеринде унаалар жаңыланды

15:30, 15 апреля 2025 Общество 96 0 2 1
IMG

Кыргызстандын бардык элчиликтеринде унаалар жаңыланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында өткөн жылы 43 унаа сатып алынган. Быйыл 25 унаа сатып алуу пландалууда. “Ошондой эле элчиликтердин бардыгында компьютерлер жаңыртылды. Жаңы техникалар менен жабдылууда. Ал эми Женева жана Кореядагы эчлиликтерге жаңы имарат сатып алуудабыз. Кореяда сүйлөшүүлөр аяктап, учурда каттоо процесси жүрүүдө. Женевада маселелер жаралып, бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөр уланууда. Мындан тышкары, Новосибрск шаарындагы башкы консулдуктун имараты боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Дубайда дагы имарат сатып алуу пландалууда”, - деди министр.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий