IMG-LOGO
 
Главная Спорт Асел Байбагышева Эверестти багындырган алгачкы кыргызстандык айым болот - Эдуард Кубатов

Асел Байбагышева Эверестти багындырган алгачкы кыргызстандык айым болот - Эдуард Кубатов

15:05, 18 апреля 2025 Спорт 6 0 0 0
IMG

Асел Байбагышева Эверестти багындырган алгачкы кыргызстандык айым болот. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине альпинист Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, Асел Байбагышеванын Эверестке жасаган бул кадамы кыргыз альпинизми үчүн чоң жетишкендик. Анын ийгилиги өлкөбүздүн спорт тармагындагы аялдардын ролун арттырып, жаш муундарга шык берет.

“Асел Байбагышева Кыргызстандын белгилүү альпинист айымы. Абдан күчтүү, эрктүү. Спорттун чебери. Альпинизм менен эмгектенип баштаганына 10 жыл болду. Кыргызстандын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын улуттук курама командасынын мүчөсү. Кыргызстанда альпинисттер арасында эң бийик делген “Ак илбирс” наамы бар. Асел аталган наамдын ээси. 7 миң 134 метр бийиктеги Ленин, 10 миң 10 метр бийиктеги Хан-Теңири, 7 миң 439 метр бийиктеги Жеңиш чокусун ийгиликтүү багындырган биринчи кыргыз айымы. Эки жыл мурун Кыргызстандын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын улуттук курама командасы менен Гималайдагы 8 миң 163 метр бийиктеги “Манаслу” чокусуна кычкылтек колдонбой чыгып келген”,-деди ал.

Кубатов белгилегендей, “Биринчи кыргыз айымы Эверестте” долбоору өлкөнүн тарыхында биринчи жолу ишке ашырылууда.

“Долбоордун алкагында, улуттук курама команда тарабынан жакшы колдоолор көрсөтүлдү. Эверестке ал, 8 өлкөнүн альпинисттери менен аттанды. Чокуга алар 40 күндө жетишет. Буюрса, Асел үчүнчү күн Гималайда. Дагы жети күндүн ичинде Эверест чокусунун негизги лагерине жетет. Андан ары дагы 30 күндүн ичинде чокуга жетип барышат. Мен Аселге ишенем, анын колунан келет. Май айында буюрса, биздин өлкө үчүн чоң жеңиш болот”,-деди ал.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий