Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Азиялык лицензиялык турнирге катышат.
Бул тууралуу кыргыз балбандары Нурзат Нуртаева менен Мээрим Жуманазарованын жекеме-жеке беттешүүсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Мээрим Жуманазарова Нуртаеваны акыркы аракети үчүн 2:2 эсеби менен жеңип алды. Ошентип, Мээрим лицензиялык турнирге катышуу укугуна ээ болду.
Олимпиадага жолдомолор берилчи аталган мелдеш үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинен 21-апрелине чейин Бишкек шаарында өтөт.