Кыргызстанда алгачкы адистештирилген ДНК-лабораториянын ийгиликтүү иштеп жатканына бир жылдан ашты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул аралыкта оор жана өзгөчө оор кылмыш иштери, ошондой эле соттук чечимдердин негизиндеги жарандык иштер боюнча 40ка жакын молекулярдык-генетикалык экспертиза жүргүзүлгөн.
Ишмердүүлүк учурунда лаборатория тергөө органдары, соттор жана прокуратура, анын ичинде улуттук коопсуздук органдарынын бөлүмдөрү үчүн суроо-талап жогору болгон куралга айланды. Жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр адамга каршы кылмыштарды, тоноолорду жана киши өлтүрүүлөрдү иликтөөдөн тартып, кырсыктар боюнча материалдарды талдоого, ошондой эле чалгындоо жана контрчалгындоо иш-чараларын коштоого чейинки кеңири чөйрөнү камтыйт.
Кыргызстанда алгачкы лабораториянын адистеринин кесипкөйлүк деңгээли өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Алар Кытай Эл Республикасы жана Россиянын тиешелүү түзүмдөрүндө билим алып, практикалык тажрыйба топтошкон. Бул ДНК-анализинин заманбап ыкмаларын жана эл аралык стандарттарын ишке киргизүүгө мүмкүндүк берди.
Лабораториянын негизги мүмкүнчүлүктөрү:
Мындан тышкары соттук-химиялык экспертиза кара куурай тобундагы кустардык жол менен даярдалган баңги жана психотроптук заттарды изилдөөгө багытталган. Адистер тыюу салынган заттардын бар-жогун, курамын жана концентрациясын аныктап, мыйзамсыз жүгүртүүнү ачууга көмөктөшөт.
Лингвистикалык экспертиза жазма жана оозеки сөздү талдоо үчүн колдонулат. Ал тексттердин маанисин аныктоого, экстремизм, коркутуу же мыйзамсыз аракеттерге чакырыктарды табууга мүмкүндүк берет. Айрым учурларда сүйлөө өзгөчөлүктөрү аркылуу авторду аныктоо да жүргүзүлөт, бул санариптик доордо өзгөчө актуалдуу.
Документтердин техникалык экспертизасы алардын чыныгы же жасалма экенин жана кандай жол менен даярдалганын аныктоого багытталган. Адистер жасалмалуулуктун белгилерин, өзгөртүүлөрдү аныктап, басып чыгаруу ыкмаларын жана колдонулган техникаларды аныкташат. Зарыл болсо жоголгон же бузулган жазуулар калыбына келтирилет. Бул экономикалык жана кызматтык кылмыштарды тергөөдө маанилүү.
Кол жазма экспертизасы кол жазманын же кол тамганын авторун аныктоого мүмкүндүк берет. Эксперттер жазуунун өзгөчөлүктөрүн талдап, жасалмалуулуктун белгилерин жана жазуунун кандай шартта жазылганын аныкташат.
Баңгизаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун изилдөө — криминалистиканын атайын изилдөөлөр тармагындагы маанилүү багыт. Заманбап изилдөө ыкмалары физикалык-химиялык анализди, хроматографияны, спектрометрияны, ошондой эле рентген-флуоресценттик изилдөөлөрдү камтыйт.
"УКМКнын Эксперттик-криминалистикалык бөлүмүнүн иши мыйзамдуулукту, калыстыкты жана тергөө материалдарынын жогорку далилдүү күчүн камсыз кылууга багытталып, кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүүгө жана жарандардын укуктарын коргоого өбөлгө түзөт", – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, лабораторияны түзүү жана калыптандыруу бюджеттик каражаттарды колдонбостон ишке ашырылган. Бардык керектүү техника жана жабдуулар өнөктөштөр тарабынан акысыз берилген.