IMG-LOGO
 
Главная Общество Кытай компаниялары Кыргызстанды санариптештирүүгө көмөктөшөт

Кытай компаниялары Кыргызстанды санариптештирүүгө көмөктөшөт

19:57, 16 апреля 2026 Общество 28 0 0 0
IMG

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кытайдан келген инвесторлор жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурду.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууга Everbeacon Data Intelligence Technology компаниясынын өкүлдөрү катышып, санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана чоң маалыматтарды иштетүү боюнча чечимдерин сунушташты.

Тараптар санариптик трансформация жаатындагы кызматташуунун келечегин жана жогорку технологиялуу тармактарга инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Ошондой эле "акылдуу шаар", санариптик билим берүү жана инфраструктураны башкаруу системалары боюнча тажрыйбага өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуу Кыргызстандын делегациясынын Циндао шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулардын уландысы болуп, биргелешкен долбоорлорду практикалык ишке ашырууга багытталды.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий