IMG-LOGO
 
Главная Общество “Экспо демилге” долбоору жарандардын идеяларын ишке ашырат – Кайыпов

“Экспо демилге” долбоору жарандардын идеяларын ишке ашырат – Кайыпов

20:15, 22 апреля 2026 Общество 31 0 0 0
IMG

“Экспо демилге” долбоору жарандардын идеяларын ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу тарых илимдеринин доктору, илимпоз Сулайман Кайыпов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эл арасында ишке ашырууга ылайыктуу жаратмандык демилгелер арбын болушу мүмкүн. Алардын баарын бир жерге бириктирип, мыкталарын иргеп чыгуу зарыл.

“Өлкөгө пайда алып келе турган идеясы бар жарандарыбыз бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, сынакка катышууга болот. "Мен кайсы демилгем менен өлкөбүздү дагы бир кадам алдыга жылдырууга салым кошо алам", деп ар бир жаран ойлонушу керек. Ошондой демилгелерге колдоо көрсөтүүгө бул “Экспо демилге” долбоору эң чоң кадам деп эсептейм. Мен бул демилгени колдойм”, - деп белгиледи Сулайман Кайыпов.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий