АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун дарыгерлери ысык аба ырайында кофе, алкоголь, ошондой эле курамында кант менен натрий көп болгон суусундуктар организмдин суусуздануусун күчөтөрүн эскертишти. Бул тууралуу Lenta.ru агенттиги билдирет.
Эксперттердин айтымында, аптаптуу күндөрү кофени жана курамында кофеин көп болгон чайдын түрлөрүн ичүүнү чектөө сунушталат. Кофеин заара кубалоочу касиетке ээ болгондуктан, организм суюктукту тез жогото баштайт. Бул суусузданууга, ал эми олуттуу учурларда — күн өтүүгө, эстен танууга жана дененин карышуусуна алып келиши мүмкүн.
Мындан тышкары, адистер алкоголдон, канттуу жана туздуу суусундуктардан баш тартууну кеңеш кылышат. Алар организмдеги суюктуктун деңгээлин төмөндөтүп, адамдын абалын начарлатат.
Эксперттер кадимки жылуу же муздак сууга артыкчылык берүүнү сунушташат.
"Сиз муздак суу ичкенде, организм аны табигый түрдө жылытат. Эгер муздак ичимдиктерди жактырсаңыз, сууңузга муз кошуп алсаңыз болот. Бирок организм үчүн суунун температурасы анчалык деле маанилүү эмес", - деп кошумчалады нутрициолог Дженнифер Брэди.