IMG-LOGO
 
Главная Экономика Декларация – 2026: Жеке ишкерлер жана айрым жарандар үчүн мөөнөт аяктоодо

Декларация – 2026: Жеке ишкерлер жана айрым жарандар үчүн мөөнөт аяктоодо

13:49, 24 апреля 2026 Экономика 23 0 0 0
IMG

Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы мөөнөтү жакындап калганын эскертет.

Ведомствонун маалыматына караганда, 1-майга чейин декларацияны төмөнкү категориядагы жарандар тапшырууга милдеттүү:

  • жеке ишкерлер (патенттин негизинде, өзгөчө режимдеги соода зонасында жана бирдиктүү салыктын 0%, 0,1%, 0,5% жана 1% ставкалары боюнча иштегендерден, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынан тышкары);
  • эл аралык уюмдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген КРдин жарандары;
  • отчеттук мезгил ичинде кирешесинен киреше салыгы кармалбаган жеке жактар.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий