IMG-LOGO
 
Главная Общество Кыргызстанда реалдуу эмгек акы 5,6%га өстү – Улуттук банк

Кыргызстанда реалдуу эмгек акы 5,6%га өстү – Улуттук банк

14:30, 28 апреля 2026 Общество 43 0 0 0
IMG

Өлкөбүздө экономикалык жигердүүлүк жетишээрлик жогорку деңгээлде сакталууда. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Ички дүң продукция (ИДП) 10,1%га өскөн.

"Өсүш экономиканын бардык секторлорунда байкалууда. Ошондой эле экономикалык жигердүүлүктүн өсүшү ички суроо-талаптын жогорулугу жана калктын реалдуу кирешесинин көбөйүшү менен колдоого алынууда. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын эки айында реалдуу эмгек акы 5,6%га өстү", – деп баса белгиледи ал.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий