Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмү баланы 1-класска электрондук каттоо боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн, 22-апрелге карата 52 миң 816 бала 1-класска катталды.
Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:
Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:
1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.