IMG-LOGO
 
Главная Спорт Ысык-Көлдөгү эл аралык марафонго байланыштуу унаалардын каттамына чектөө киргизилет

Ысык-Көлдөгү эл аралык марафонго байланыштуу унаалардын каттамына чектөө киргизилет

14:42, 03 мая 2024 Спорт 55 0 4 2
IMG

Ысык-Көл районунда өтө турган эл аралык марафонго байланыштуу унаалардын каттамына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 4-майда Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майдандан тартып, Корумду айылынын күн чыгыш тарабындагы "Солемар" эс алуу жайынынын бурулушуна чейин чет элдик делегациялардын катышуусунда “Run the Silk Road – Shanghai Cooperation” эл аралык марафону өткөрүлөт.

Бул учурда Чолпон-Ата шаары аркылуу өтүүчү Балыкчы — Ананьево — Каракол автоунаа жолу маал-маалы менен убактылуу жабылып, автоунаалардын каттамына чектөөлөр киргизилет.

Иш-чаранын жагдайына байланыштуу айрым учурларда бул аталган автоунаа жолу 4 сааттан, 5 саатка чейин убактылуу жабылышы божомолдонууда.

Ошол себептен, облустун тургундары жана меймандары - жолдо жүрүүдө ар кандай ыңгайсыздактарды алдын алып, облус аралык алыскы жолго чыккан жүргүнчү ташуучу автобус, кичи автобустарга, жүргүнчү ташуучу жеке таксилерге жана башка автоунааларга Ысык-Көлдүн түндүк тарабы, тагыраагы Жети-Өгүз жана Тоң райондору аркылуу жол жүрүү сунушталат.

"Иш-чаранын уюштуруучулары, жалпы жол кыймылынын катышуучуларынан өтүп жаткан эл аралык иш-чарага байланыштуу болуп жаткан ыңгайсыздыктарды туура түшүнүү менен кабыл алууну суранат", - деп айтылат маалыматта.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий