IMG-LOGO
 
Главная Происшествия Баткенде өгөй атасы тарабынан сабалган кыз комада – Саламаттык сактоо министрлиги

Баткенде өгөй атасы тарабынан сабалган кыз комада – Саламаттык сактоо министрлиги

15:32, 12 июня 2024 Происшествия 81 0 4 3
IMG

Саламаттык сактоо министрлиги Баткенде өгөй атасы тарабынан сабалган 2 жашар кыздын абалы тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына караганда, наристе облустук ооруканага 7-июнда түшкөн.

"Азыркы учурда бала комада, баш мээсинин жабык жаракаты жана баш мээнин чайкалышы диагнозу менен жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Дарыгерлер анын абалын өтө оор деп баалашууда", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, эртең менен аймактык милициядан 2 жашар кызды сабагандыгы үчүн анын өгөй атасы кармалганы боюнча маалымат беришкен.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий