Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин демилгеси менен Москва шаарындагы мектептердин биринде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
КР ТИМден билдиришкендей, анын алкагында кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн “Легендарлуу генерал жана кыргызстандык панфиловчу баатырларды эскерүү” аттуу китептин бет ачары болуп өттү.
Иш-чарага китепти жарыялоону демилгелеген топтун өкүлү Замир Асаналиев, мектеп директору Белла Руденко, Москва шаарындагы панфиловчу ардагерлердин тобунун катчысы З.П. Грязнова, генерал И.В. Панфиловдун небереси жана чөбөрөсү Е.Г. Козырькова менен М.А. Козлова, мугалимдер жана окуучулар, ошондой эле кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.
Элчиликтин өкүлү өзүнүн куттуктоо сөзүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы элдин эрдигин эскерүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан элинин жалпы Жеңишке кошкон салымы тууралуу кыскача маалымат берди.
Катышуучулар Москва үчүн болгон салгылашта өзгөчө эрдик көрсөткөн, Кыргызстандан чыккан генерал-майор И.В. Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясынын баатырдыгын белгилешти.
Ошондой эле меймандар генерал Панфиловдун кызы М.И. Панфилова тарабынан негизделген, мектептин базасында жайгашкан аскердик-тарыхый музей менен таанышты. Ал эми окуучулар согуш баатырларына арналган поэтикалык композицияны тартуулашты.
Мындан сырткары, мектеп жамаатына Кыргызстандын маданиятын тааныштыруу максатында кыргыз элинин кол өнөрчүлүк буюмдары, табияты жана белгилүү инсандары тууралуу фотоматериалдар көргөзмөгө коюлду.