Өзбекстанда 2025-жылдын биринчи үч айында 8,7 млрд АКШ доллардан ашык чет элдик инвестиция өздөштүрүлдү. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында жарыяланды, деп билдирди өлкө башчысынын басма сөз кызматы.
Расмий маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга жогору. Жыйында жыл башынан бери аткарылган инвестициялык иштердин жыйынтыктары жана жакынкы келечектеги артыкчылыктуу багыттар талкууланды.
Тартылган инвестициялар негизинен энергетика, металлургия, химия жана фармацевтика өнөр жайына, транспортко, айыл жана суу чарбасына, ошондой эле турак жай-коммуналдык жана социалдык инфраструктурага багытталган. Өзгөчө көңүл продукциянын жогорку кошумча наркын жаратууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө бурулууда.
Мамлекеттик прогноздорго ылайык, 2025-жылдын алгачкы жарым жылдыгында чет элдик инвестициялардын көлөмү 18 млрд доллардан ашары күтүлүүдө.
Президент Шавкат Мирзиёев ар бир инвестициялык долбоорго жекече мамиле жасоону, тиешелүү министрликтердин, мекемелердин жана жергиликтүү бийлик органдарынын активдүү катышуусун камсыздоону тапшырды. Ошондой эле ал чет элдик инвесторлор менен тыгыз жана натыйжалуу кызматташтыкты жолго коюу, тартылган каражаттарды максаттуу пайдалануу жана долбоорлордун туруктуулугун камсыздоо зарылдыгын өзгөчө белгиледи.
Эскерте кетсек, быйыл Өзбекстанда жалпысынан 42 млрд доллар көлөмүндө түз чет элдик инвестиция тартуу, 81 ири жана 8 миңден ашык орто жана чакан долбоорду ишке ашыруу пландалууда.