IMG-LOGO
 
Главная Культура XVI КИТЕП FEST – 2025. Бишкекте эл аралык китеп фестивалы өтүүдө

XVI КИТЕП FEST – 2025. Бишкекте эл аралык китеп фестивалы өтүүдө

16:18, 23 апреля 2025 Культура 54 0 1 0
IMG

Бүгүн, 23-апрелде Бишкек шаарында Курманжан датканын эстелигинин алдында “XVI КИТЕП FEST – 2025” эл аралык китеп фестивалы өз ишин баштады.

Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, бул иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналып, китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө жана жаш муунду билимге тартууга багытталган.

Фестивалдын расмий ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият ишмерлери жана жазуучулар катышты.

Иш-чаранын алкагында кыргыз тилиндеги алгачкы “Алиппе” тууралуу атайын экспозиция, “Учурдагы кыргыз китептеринин жана автордук укуктарынын маселелери” боюнча илимий-практикалык конференция, чеберчилик сабактары жана адабий жолугушуулар уюштурулууда.

Маданий бөлүк Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Китеп барактарынын обону” аттуу концерт тартууланып, “Ала-Тоо” кинотеатрындагы акысыз кино көрсөтүүлөр менен уланат.

Фестиваль жалпы республика боюнча 1000ден ашык китепкананы, өлкөнүн бардык аймактарында поэзия кечелери, адабий иш-чаралар жана STEAM кербендерин камтыйт.

Ошондой эле Улуттук жазуучулар союзунда белгилүү кыргыз жана россиялык акын-жазуучулар менен чеберчилик сабактары жана экскурсия уюштурулат.

Иш-чаранын негизги максаты – Кыргызстанда китеп окуу маданиятын жайылтуу жана маданий өнүгүүгө салым кошкон калемгерлерди даңазалоо.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий