IMG-LOGO
 
Главная Общество Айдоочуларга эскертүү! Боом капчыгайындагы кооптуу таштар атайылап түшүрүлөт

Айдоочуларга эскертүү! Боом капчыгайындагы кооптуу таштар атайылап түшүрүлөт

16:57, 23 апреля 2025 Общество 41 0 1 0
IMG

28-апрелден 30-апрелге чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында (темир жолдун 3901-чакырымдарында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, таш түшүрүү иштери аба ырайынын шарттарын эске алуу менен 09:00дөн 15:00гө чейин, күндүзгү убакытта жүргүзүлөт.

Иш учурунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылат. Жол тазаланган учурда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.

"Бул иш-чара унаа жана темир жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулууда", - деп айтылат маалыматта.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий