IMG-LOGO
 
Главная Общество Бүгүн Кыргызстанда эки ирет жер титиреди

Бүгүн Кыргызстанда эки ирет жер титиреди

11:35, 26 апреля 2025 Общество 43 0 2 2
IMG

Бүгүн Кыргызстанда эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан маалымдашты.

Биринчи жер титирөө саат 16:32де болду. Жердин силкинүүсү Лейлек районунун Коргон айылында 2,5 баллды түздү. Жер титирөөнүн очогу Коргон айылынан 6 чакырым, Баткен шаарынан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Экинчи зилзала саат 16:37де Нарын облусунда катталды:

- Кочкор районунун Семиз-Бел айылында — 3,5 балл, Арсы, Кочкор, Кара-Тоо, Кара-Суу, Большевик айылында жана Орто-Токой суу сактагычында — 3 баллга жетти.

Жердин силкинүүсүнүн очогу Семиз-Бел айылынан 8 км алыстыкта жайгашты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок. Учурда тактоо иштери жүрүүдө.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий