IMG-LOGO
 
Главная Культура Кыргызстанда 27,3 млн сомго "Жеңилбес жетөө" жомогу тартылат

Кыргызстанда 27,3 млн сомго "Жеңилбес жетөө" жомогу тартылат

15:21, 15 марта 2024 Культура 56 0 4 3
IMG

"Жеңилбес жетөө" сериалын жаратууга тендер жарыяланды.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендерди Кинематография департаментинин алдындагы "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси жарыялады.

Сметалык баасы 27 млн 272 миң 727,96 сом. Анын ичине адабий, режиссердук сценарийди жазуу, уюштуруу жана сериалды чыгаруу кирет.

Конкурстук табыштамалар 19-мартка чейин кабыл алынат.

Техникалык негиздемесинде сериалдын жанры жомок деп көрсөтүлгөн. Сценарий узактыгы 40 мүнөт болгон 12 сериядан турушу керек.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий