IMG-LOGO
 
Главная Спорт Мээрим Жуманазарова Олимпиадага жолдомо ойнотулчу лицензиялык турнирге катышат

Мээрим Жуманазарова Олимпиадага жолдомо ойнотулчу лицензиялык турнирге катышат

15:03, 18 марта 2024 Спорт 18 0 3 3
IMG

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Азиялык лицензиялык турнирге катышат.

Бул тууралуу кыргыз балбандары Нурзат Нуртаева менен Мээрим Жуманазарованын жекеме-жеке беттешүүсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Мээрим Жуманазарова Нуртаеваны акыркы аракети үчүн 2:2 эсеби менен жеңип алды. Ошентип, Мээрим лицензиялык турнирге катышуу укугуна ээ болду.

Олимпиадага жолдомолор берилчи аталган мелдеш үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинен 21-апрелине чейин Бишкек шаарында өтөт.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий