IMG-LOGO
 
Главная Природа Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% кыскарды

Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% кыскарды

20:09, 22 апреля 2026 Природа 31 0 0 0
IMG

2100-жылга чейин Кыргызстан 80% чейин мөңгүлөрүн жоготушу мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат.

 

"Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% кыскарды. 2100-жылга чейин Кыргызстан 80% чейин мөңгүлөрүн жоготушу мүмкүн. Мөңгүлүү бийик тоолуу көлдөрдүн саны 1968-жылдан бери 30%га өстү. Ысык-Көл көлүнүн деңгээли акыркы он жылдыктарда дээрлик 14 метрге төмөндөдү. көлгө куйган дарыялардын саны жүздөн ашыктан отузга чейин кыскарды. 2020-жылдан бери өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинде сел, суу ташкындарынын саны 3 эсеге өстү, жылдык түз материалдык чыгым болжол менен 16 млн АКШ долларын түзөт”, - деди президент.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий