IMG-LOGO
 
Главная Политика Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн коргоо министрлерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн коргоо министрлерин кабыл алды

14:34, 28 апреля 2026 Политика 23 0 0 0
IMG

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде Коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУнун учурдагы төрагасы катары коргоо тармагындагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга жана коргоо ведомстволорунун ортосундагы координацияны бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Садыр Жапаров Коргоо министрлеринин кеңешмесинин алкагында жетишилген макулдашуулар ШКУ мейкиндигинде коргоо кызматташтыгын жана жалпы коопсуздукту мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий