IMG-LOGO
 
Главная Природа Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында сел жүрүү коркунучу жогору – ӨКМ

Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында сел жүрүү коркунучу жогору – ӨКМ

14:32, 28 марта 2024 Природа 45 0 3 3
IMG

Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында сел жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-29-мартта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ жарандарга арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайт.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий