IMG-LOGO
 
Главная Общество ТМУ өлкөлөрү улгайган адамдардын укугун коргоо боюнча эл аралык механизм түзүүнү колдоду

ТМУ өлкөлөрү улгайган адамдардын укугун коргоо боюнча эл аралык механизм түзүүнү колдоду

16:01, 05 апреля 2025 Общество 46 0 3 1
IMG

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө (ТМУ) өлкөлөр улгайган адамдардын укуктарын коргоо боюнча эл аралык механизмди түзүүнү колдоду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 58-сессиясынын жүрүшүндө элчи Омар Султанов Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан кирген Түрк мамлекеттер кюмунун (ТМУ) мүчөлөрүнүн атынан улгайган адамдардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен билдирүү менен чыгып сүйлөдү.

"Бул билдирүү улгайган адамдардын укуктарын сыйлоо жана коргоо боюнча юридикалык милдеттендирүүчү документти иштеп чыгуу үчүн Ачык курамдагы жумушчу топту түзүү боюнча резолюция кабыл алуу учурунда жарыяланды", - деп айтылат маалыматта.

Биргелешкен билдирүүдө түрк элдеринин байыркы доорлордон бери улгайган адамдарга урмат көрсөтүүсү маданий жана руханий баалуулуктардын ажырагыс бөлүгү экени баса белгиленди. Карыларды колдоо ардактуу милдет катары гана эмес, коомдун туруктуу жана ар тараптуу өнүгүшүнүн кепилдиги катары каралат.

ТМУга мүчө мамлекеттер балдардын, аялдардын, кыздардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо жаатында жетишилген ийгиликтер менен катар, улгайган адамдарга карата укуктук механизмдерди мындан ары да бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Уюмга кирген өлкөлөрдүн бул демилгеге катышуусу уюмдун адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга берилгендигин жана инклюзивдүү жана адилеттүү коомду өнүктүрүүгө умтулушун чагылдырат.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий