IMG-LOGO
 
Главная Экономика АКШ бажы тарифтерин киргизгенден кийин дүйнөнүн эң бай адамдары бир күндө $208 млрд жоготту

АКШ бажы тарифтерин киргизгенден кийин дүйнөнүн эң бай адамдары бир күндө $208 млрд жоготту

11:27, 06 апреля 2025 Экономика 77 0 4 0
IMG

АКШ бажы тарифтерин киргизгенден кийин дүйнөнүн эң бай адамдары бир күндө 208 млрд доллар жоготушту. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка караганда, Америка лидери жарыялаган бажы төлөмдөрү дүйнөлүк рыноктогу абалды кыйроого алып келди. Бул Bloomberg миллиардерлер индексинин (BBI) 13 жылдык тарыхындагы төртүнчү эң чоң бир күндүк төмөндөө жана COVID-19 пандемиясынан берки эң чоң төмөндөө болду.

Дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесиндеги миллиардерлердин жарымынан көбүнүн байлыгы орто эсеп менен 3,3%га төмөндөгөн.

Эсептөөлөргө караганда, эң көп америкалык миллиардерлер, атап айтканда Meta корпорациясынын жетекчиси Марк Цукерберг жана Amazonдун негиздөөчүсү Жефф Безос жапа чеккен.

“Meta акцияларынын 9% га төмөндөшү Цукербергдин байлыгын 17,9 миллиард долларга кыскартты. Amazon акциялары да 9% арзандап, Безостун байлыгынын 15,9 миллиард долларга азайышына алып келди. Ал эми Тесланын ээси Илон Маск компаниянын акциялары 5,5% арзандагандан кийин 11 миллиард доллар жоготкон”,-деп айтылат маалыматта.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий