Күн мурун Япониянын Осака шаарында өтүп жаткан ЭКСПО-2025 бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын улуттук павильону салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмө "Биздин жашообуз үчүн келечек коомду долбоорлоо" ураанынын астында өтүп жатат.
Иш-чарага Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев, Кыргызстандын ЭКСПО-2025теги Башкы комиссары Жалын Жээналиев, ишкерлер жана маданий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле Япониядагы кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү катышты.
Элчи Эркинбек Осоев өз сөзүндө Кыргызстан үчүн ЭКСПО-2025 көргөзмөсүнө катышуу өлкөнүн эл аралык аренада илгерилөөсү жана кыргыз-япон мамилелеринин чыңдалышы багытында маанилүү кадам болуп саналарын белгиледи. Улуттук павильон дүйнөлүк коомчулукту Кыргызстандын бай маданий мурасы, уникалдуу табияты, ошондой эле экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу максатында түзүлгөнүн баса белгиледи.
Башкы комиссар Жалын Жээналиев өз сөзүндө Улуттук павильон туризм, экотуризм, инновациялар, инвестиция тартуу жана маданияттар диалогун өнүктүрүү тармактарында улуттук артыкчылыктарды алдыга жылдыруу үчүн натыйжалуу платформа болоруна ишенимин билдирди.
2025-жылдын 13-апрелинен 13-октябрына чейин ЭКСПО-2025 көргөзмөсүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын павильонунда презентациялар, ишкердик жолугушуулар, маданий иш-чаралар жана интерактивдүү көргөзмөлөр өткөрүлөт. Айрыкча кыргыз маданиятын, креативдүү индустрияны, экологиялык туризмди жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Кыргыз тарап ЭКСПО-2025ке келген бардык конокторду Кыргызстандын бай тарыхый мурасы, маданий салттары жана заманбап жетишкендиктери менен жакындан таанышууга чакырат.