Индиянын борбору Нью-Дели шаарында көп кабаттуу имарат урап, 11 адам каза болду. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, дагы 5 адам оор жаракат алып ооруканага жаткырылган.
“Мустафабад районунда бийик имарат урап, бир нече киши урандылардын астында калган. Куткаруучулар урандылардын астынан каза болгон он бир адамды алып чыгышты”,- деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын келип чыгышына көп кабаттуу имаратты курууда техникалык коопсуздук нормалары сакталбагандыгы себеп болууда.
Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда. Ага 60тан ашык адам катышууда.