IMG-LOGO
 
Главная Общество Кыргызстан менен Катардын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Кыргызстан менен Катардын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

09:47, 24 апреля 2025 Общество 52 0 4 3
IMG

Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев Катардын транспорт министри шейх Мухаммад бин Абдулла Аль Тани менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар кызматташтыгынын күн тартибиндеги негизги маселелерге токтолуп, ошондой эле жакынкы аралыкта өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн Транспорт министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты орнотууга багытталган укуктук-базалык макулдашуулардын долбоорлору боюнча пикир алмашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн тыгыз байланышта болууну макулдашты.

Ваша оценка:
Поделиться:

Оставить комментарий